Жолчо тармак

Википедия дан

Bus network - (орус. Шинообразная сеть). Анда бардык түзүлүштөр менен тармак чокулары жалгыз жол аркылуу бириктирилет жана берилиштерди бөлүшөт. Жолчо тармагында берилиштер эки багыт боюнча жиберилет, анда түзүлүштөрдү туташтыруу үчүн, бир кабел колдонулат. Тармактын борборуна хапты орнотсо деле болот, бул учурда тармак жылдызча түзү-лүштүү тармакка окшошуп калат, бирок жолчо структуралуу тармак деп атала берет. Себеби, хаптын ичинде бир гана өзөктүү кабел болот. Жолчо түзүлүштүү тармактын артыкчылыгы тармактын калган бөлүгүнө жолтоо болбостон, анын каалаган жерине кошумча түзүлүштөрдү кошууга же алып салууга болот. Мындан сырткары, эгерде тармактын бир компьютери иштен чыгып калса, анда ал тармактын башка колдонуучуларына таасир тийгизбейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Компьютер жана Интернет. Энциклопедиялык окуу куралы
Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек - 2004.