Жол башчылык

Википедия дан

Жол башчылык — алгачкы коомдун бузулушу тереңдеген мезгилдеги социалдык-экономикалык уюмдун, ириде бийликти уюштуруунун формасы. Экономикалык жактан артыкбаш азык-түлүктүн пайда болушу, анын бир бөлүгүн уруу башчыларынын ээлеп алып, бир бөлүгүн коомдун муктаждыгына жумшашы менен мүнөздөлөт. Социалдык жактан алганда уруу төбөлдөрү бөлүнүп чыгат, алар коомдун ресурстарын көзөмөлдөйт, коомдук жумуштарды уюштурат, согушта кол башчылык кылышат жана диний жөрөлгөлөрдү өткөрүүнү башкарат; общинанын катардагы мүчөлөрүн, согуш туткундарын, экономикалык жактан чабал община мүчөлөрүн көзөмөлгө алат. Бийликтин уюштурулушу үчүн типтүү нерсе - көпчүлүк учурда башкаруучу урукка тиешелүү болгон мурасталуучу жол башчылардын институтка айланган бийлиги жана эки- төрт баскычтуу иерархия. Жол башчылыкта үстөмдүк төбөлдөрдүн ар кайсы топторуна: эски урук-уруу төбөлдөрүнө, алар көп учурда аскердик жана дин кызматчынын функциясын да аткарышат; жигиттер менен курчалган жаңы аскердик жол башчыларга, кээде мурдагы төбөлдөрдү артка сүргөн дин кызматчыларга таандык болушу мүмкүн. Көпчүлүк учурда жол башчылыкка жетишүү үчүн аталган төбөлдүк топтордун айыгышкан күрөшү мүнөздүү- жол башчылык сакралдык (жол башчыларга сыйынуу) (полинезиялыктар, Тропикалык Африканын көпчүлүк уруулары) да, сакралдык эмес да (Түндүк Американын түндүк-батыш жээгинин индейлери) болушу мүмкүн. Жол башчылыкта көп учурда бийлик аскердик мүнөздө болот (бир катар банту элдеринде, Афразиянын нымдуу зоналарындагы малчыларда).

Маданият жагынан алганда, жол башчылык маданияттын элдик жана элита маданияты болуп бөлүнүшүнүн алгачкы этабын көрсөтөт. Этностук жактан алганда, жол башчылык уруулар биримдиги менен дал келиши мүмкүн жана ал эрте этносоциалдык организмдердин, баарынан мурда, уруулар союздарынын консолидациясына көмөктөшүшү мүмкүн. Жол башчылык эрте мамлекетке өсүп чыгышы да мүмкүн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]