Жол бою

Википедия дан
Жол бою.

"Жол бою" (англ. On the Road) - америкалык жазуучу Жек Керуактын романы. Окуя жазуучу жана досторунун АКШдагы саякатында негизделген. Бул роман "Талкаланган муун" (англ. Beat Generation) жана Контрмаданият муунунун согуштан кийинки чыгармасы болуп эсептелинет, анын каармандары джаз, поэзия жана баңгизат колдонуучулардын чөйрөсүндө жашаган болушат. 1957-жылы жарыкка чыккан роман, "Талкаланган" муундун кыймылында катышкан фигураларды камтыйт, алардын ичинде: Уильям С. Берроуз (Картаң Булл Ли), Аллен Гинсберг (Карло Маркс), Нил Кассади (Дин Мориарти), жана Керуарк өзү, баяндоочу катары (Сал Парадайз).

Керуактын Жол бою атындагы экинчи романы 1940-жылдарынын аягында дептерге жазылып түзүлгөн, андан соң 1951-жылынын апрелинде үч жума ичинде рулон кагаз үстүндө басылып чыккан. Ал биринчи жолу 1957-жылы Viking Pressin басмаканасында жарык көргөн. 1957-жылындан бери романдын тасмага адаптациялануусу сунушталып, 2012-жылы, продюсер Фрэнсис Форд Коппола жана режиссер Уолтер Саллестин тасмасы экранга чыгат.

Тасма чыккандан кийин, The New York Times гезити аны "эң мыкты аткарылган, түшүнүктүү жана эң маанилүү болгону Керуак өзү атаган жана башкы сүрөтү болгон "Талкаланган" муун". 1988-жылы Заманбап китепканасы романды англис тилинде жазылган 20-кылымдын эң мыкты 100 китептеринин тизмесине киргизди. Time magazine журналы китепти 1923-2005-жылдар арасындагы англис тилиндеги эң мыкты 100 романдарынын бири деп тандады.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Каармандары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]