Жомок башы

Википедия дан

Жомок башы — элдик оозеки чыгармалардын башталышында айтылуучу кириш бөлүм. Жана башкалар көбүнчө жөө жомоктордо, эпостук чыгармаларда колдонулат. Жомокто: "Бар экен, жок экен, ач экен, ток экен", же "Илгери-илгери өткөн заманда" өңдүү туруктуу сүйлөмдөр болот. Жана башкалар "Манас" эпосунда өзүнчө кайырма түрдө айтылат:

Ээ-эй, байыркынын жомогу,

Баштаса келер оролу.

Эзелкинин жомогу

Эстесе келер оролу.

Жарымы төгүн, жарымы чын,

Жарандардын көөнү үчүн.

Көбү жалган, көбү чын

Көпчүлүктүн көөнү үчүн.

Күпүлдөтүп айтабыз

Көк жал Манас көөнү үчүн (Курама варианты, 1. 3).

Жана башкалар манасчы тарабынан эл алдында эпосту айта баштаганда окуяга, чыгармага, угуучулардын көңүлүн бурдуруучу киришүүнүн милдетин аткарган. Эпосто ал ушундай озуйпасы менен толук турпатында зор манасчы лардын гана репертуарларында айтылат. Бирок айрым элге кеңири тараган "Көкөтөйдүн ашы", "Чоң казат" өңдүү окуяларда жана башкалар өзүнчө кайырма сыңары чакан-чакан көлөмдө көпчүлүк манасчылардын репертуарына мүнөздүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4