Жонглер

Википедия дан

Жонглер - (лат. joculator куудул, шайыр, тамашакөй) 1) орто кылымдын башында Франциядагы кыдырма шайыр музыканттар (аларды гистрион деп да аташкан). Англиядагы менестрелдер, Германиядагы шпильмандар, Россиядагы скоморохтор да Жонглер сымал өнөрпоздор болгон. Элдин үрп-адатына, оюндарына байланыштуу чыккан бул өнөр музыкалык элемент менен поэзияны, ымдоо-жаңдоо менен акробатиканы бириктирип, профессионал деңгээлге көтөргөн; 2) циркте бир эле убакта бир нече буюмду шамдагайлык менен ыргытып, тосуп ала турган артист.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]