Жон Арчибалд Уилер
Жон Арчибалд Уилер (англ. John Archibald Wheeler; 1911-жылы 9-июль – 2008-жылы 13-апрель) – америкалык физик-теоретиги. Уилер согуштан кийинки АКШнын жалпы салыштырмалуулук теориясына болгон кызыкчылыгын кайрадан пайда болуусуна жооптуу болгон. Уилер Нильс Бор менен бирге өзөктүк бөлүнүүлөрдүн негизги принциптерин түшүндүрүү боюнча чогуу иштеген. Грегори Брейт менен кошо Уилер Брейт-Уилер процессинин концептин иштеп чыгарган. Уилер 20-кылымдын башында алдын ала айтылган гравитациялык кыйроо объектилерин "кара туңгуюк" деп атаган, ошону менен окумуштуу "кванта көбүк", "нейтрондордун акырындатуусу", "момолой ийини", "маалыматтан зат" сыяктуу терминдерди ойлоп тапканы менен жана "бир электрондук аалам" жоромолу менен таанымал.
Уилер докторк окумуштуулук даражасын Карл Герцфельд жетекчилиги астында, Жонс Хопкинс университетинде алган, ошондой эле ал Брайт менен Бордун жетекчилиги астында Улуттук изилдөө уюмунун мүчөлүгүндө окуган. 1939-жылы Уилер Бор менен бирге бөлүнүүнүн механизмин чечмелеш үчүн суюк тамчы моделин колдонуп макалалардын сериясын жазган. Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда окумуштуу Чикагодогу Манхэттен долбоорунун металлургиялык лабораториясында иштеген, ошол жерде ал өзөктүк реактор боюнча долбоорун иштеп чыкканга жардам берген, кийин ал Ричленд шаарындагы (Вашингтон штаты) Хэнфорд комплексинде DuPont компанияга реакторлорду курууга жардам береген. Уилер согуш аяктаган соң Принстонго кайткан, 1950-жылдардын башында суутек бомгасынын иштеп чыгаруу жана куруусуна жардам берип мамлекеттик кызматта иштеген.
Уилер Принстон университетинин профессору катары 1938-жылдан баштап ардактуу эс алууга кеткен 1976-жылы чыкканына чейин иштеген. Окумуштуу Принстон университетинин башка физика бөлүмдөрүнүн профессорлоруна караганда 46 илимдин докторлорун жетекчиси болгон.