Жоодарбешим (дастан)

Википедия дан

«Жоодарбешим»Кыргыз элинин баатырдык дастаны. Айтылуу «Эр Төштүк» эпосунун түздөн-түз уландысы катары белгилүү. Дастандын баш каарманы Жоодарбешим - Төштүктүн уулу.

«Жоодарбешим» эл арасында мурдатан белгилүү болсо да, кийин (1940-жылы К. Суранчиевден, 1963-жылы орто Урмамбетовдон, 1968-жылы Майрыковдон) үч варианты жазылып алынган. Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын УИАнын Кол жазмалар фондусунда Орузбай Урмамбетов менен Суранчиев Калчанын варианты гана сакталып турат. «Жоодарбешим.» 1971-жылы Кыргыз ССРинен, 1988-жылы Үрүмчүдөн араб ариби менен басылып чыккан. «Эр Төштүк» эпосунун түздөн-түз уландысы катары белгилүү. Поэманын баш каарманы Жоодарбешим Төштүктүн уулу. Дастанда Эр Төштүктүн ишке ашпай калган максаты кара күчтүн символу болгон Чоюн алптын кекчил баласы Темир алптын өлтүрүлүшү баяндалат. «Эр Төштүк» эпосундагыдай эле мында да Темир алптын жаны Алтын баштуу ак аркардын ичиндеги жумурткадай сандыкка салынган алты кучкачта болот. Аны алуу үчүн Жоодарбешимдин жортуулу башталып, окуя Жонглёрлор оюн көрсөгүүдө.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]