Жоомартова, Шекер

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Жоомартова, Шекер
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Жоомартова Шекер
Туулган жылы: 05.05. 1971-жыл
Туулган жери: Мады айылы, Кара-Суу району, Ош облусу, Кыргызстан
Өлкө: CCCР желеги СССРКыргызстан желеги Кыргызстан
Ишмердүүлүгү: театр жана кино артисти
Наамдары: Даркүл Күйүкова атындагы республикалык сыйлыктын лауреаты
Чыгармачылык активдүүлүгү: 1988-жылдан баштап
Театр: Ысык-Көл областтык К.Жантөшев атындагы музыкалуу-драма театры

Жоомартова, Шекертеатр жана кино артисти.

Өмүр баяны[оңдоо | булагын оңдоо]

Шекер Жоомартова өз айылында орто мектепти аяктагандан кийин 1988-жылы Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын театр окуу жайына келип кирет.

”Кыз-жигит” фильминен

Аталган окуу жайынын студент кезинде эле, 1989-жылы Шекер Кыракадемдрамтеатрда акын жана драматург Жеңишгүл Өзүбекованын “Апамдын махабаты” драмасы боюнча коюлган спектаклде башкы ролду – Жибектин ролун ойноп, театр чөйрөсүнүн сынына толот.
Театр окуу жайнын 1-курсун бүтүрүп, Шекер ошол эле жылы Москвадагы М.С.Щепкин атындагы жогорку театр окуу жайнына өтөт.
1993-жылы Москвадан М.С.Щепкин атындагы жогорку театр окуу жайын аяктап келгенден тартып Каракол шаарындагы Ысык-Көл областтык К.Жантөшев атындагы музыкалуу-драма театрында ийгиликтүү эмгектенип келе жатат.
Театрга кирген алгачкы мезгилден тартып эле Шекер чыгармачылык дареметинин жогору экенин айгинелеп, алдыңкы катарга суурулуп чыкты.
Театрда эмгектенген жыйырма жылдык жигердүү чыгармачылык жолунун ичинде Шекер ондогон ролдорду ийгиликтүү ойноп, көл кылаасынын көрүүчүлөрүнүн гана эмес, жалпы эле кыргыз театр журтчулугунун оозуна алынды.
Акыркы жылдары Шекер Жоомартова кинодо да чоң-чоң ролдорду ойноп, кыргыз көрүүчүлөрүнө кеңири таанымал болду.
Театрда жетишкен ийгиликтери үчүн Кыргызстандын маданият жана маалымат министрлигинин Ардак грамоталары, “Маданияттын мыкты кызматкери” наамы менен сыйлынган.
2010-жылы Шекер Бурулчанын ролун жогорку чеберчиликте жаратканы үчүн Даркүл Күйүкова атындагы республикалык сыйлыкка татыктуу болгон.

Театрда ойногон негизги ролдору[оңдоо | булагын оңдоо]

Бурулча (А. Абдыгулова, “Бурулча”) ж.б.
Асел (М. Байжиев, “Алтынчы күнү кечинде”)
Нуржан (Д. Сариев, “Бир ууч топурак”)
Көзү ачык кемпир (Ж. Кулмамбетов, “Ааламат келген күн”)
Зулайка (К.Акиев, К.Жантөшев, “Курманбек”)
Баян (Б. Мукаев, “Эңсеген түн”)
Курдаш айым (Э. Ионеско, “Макбет”)
Жийдегүл (З. Сооронбаева, “Байлык жана махабат”)
Асел айым (Т. Касымбеков, “Кара көлөкө”)
Дездемона (М. Байжиев, “Тил табышкандар”)
Магыш (М. Ауэзов, “Абай”)
Наргиза (О. Кожомкулова, “Туюк”)
Жийде (К. Жапаров, “Намыскөйлөр”)
Жибек (Ж. Өзүбекова, “Апамдын махабаты”)

Кинодогу ролдору[оңдоо | булагын оңдоо]

Астра ("Японочка", реж.Ж.Кулмамбетов) -2015-жыл.
Айгүл (“Кыз-жигит”, реж. Ж. Кулмамбетов) - 2011-жыл.
Айнагүл (“Токолдор тополоңу”, реж. Ж.Кулмамбетов) - 2011-жыл.

Интернет шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргызстане вышла в свет новая кинокомедия «Токолдор тополону» о современном многоженстве
[1]
[2]
[3]
[4]
[5]
[6]