Жоон-дөбө

Википедия дан

Жоон-дөбө – биздин замандын 6–12-кылымына таандык шаар калдыгы. Кыргызстан менен Казакстандын чек арасына жакын, Талас – Жамбыл автомобиль жолунун боюнда жайгашкан. Татаал түзүлүштүү, узун коргондуу шаарлардын түрүнө кирет. Айыл чарба жумуштарынын натыйжасында шаардын алгачкы аянтын аныктоо мүмкүн эмес, бирок урандыларынын ээлеген ордуна караганда шаар чоң болгон. Археологиялык казууда турак жайлардын жана коргонуу курулуштарынын калдыктары, карапа идиштер, темир буюмдар, асем буюмдар табылган. Шаар негизинен моңгол жапырыгынан талкаланган, айрым жерлери жер айдоо, сугаруу иштеринин натыйжасында бүлүнүүгө учураган. 1960-ж. археолог П. Н. Кожемяко изилдеген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1