Жоон-дөбө көрүстөнү

Википедия дан

Жоон-дөбө көрүстөнү – биздин замандын 1–5-кылымына таандык мүрзөлөр. Талас суусунун сол өйүзүндө, Кең-Арал кыштагынын түштүк-чыгыш тарабында жайгашкан. Көрүстөндө 30дан ашуун дөбө-мүрзө болгон, бийиктиги 6 м, диаметри 50 м. Сөөктөр жарма жана төрт чарчы жөнөкөй көрлүү мүрзөлөргө коюлган. Казуу убагында карапа, жыгач идиштер, түрдүү түстөгү шуру, мончоктор, кылыч сыныктары, асыл таш чөгөрүлгөн алтын асемдер, жаанын жебелери жана башка буюмдар табылган. 1898-ж. финн илимпозу Г. Гейкель, 1960-ж. кыргыз археологу Ы. Кожомбердиев изилдеген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1