Жорго-Таш мөңгүсү

Википедия дан

Жорго-Таш мөңгүсүАлай кырка тоосунун түштүк капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Кызылсуунун оң куймасы – Көксуунун (батыш) алабында жайгашкан. Узундугу 4,6 км, аянты 4,3 км2, көлөмү 0,200 км3. Башы деңиз деңгээлинен 4600 м, этеги 3920 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4300 м, абляция облусунун аянты 1,1 км2. Мөңгүдөн Жорготаш суусу башталып, Көксууга куят.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]