Жорж Оруэлл

Википедия дан
Жорж Оруэлл
‎George Orwell
(Eric Arthur Blair)
Туулган датасы:

25 -июнь 1903(1903-06-25)

Өлгөн датасы:

21 -февраль 1950(1950-02-21) (46 жаш)

Эрик Артур Блейр (англ. Eric Arthur Blair; 1903-жылы 25-июнда туулуп - 1950-жылы 21-январда каза болгон) - Жорж Оруэлл деген ылакап ат менен белгилүү англиялык роман жана эссе жазуучу, журналист жана сынчы болгон[1]. Анын чыгармалары ачык проза, коомдук адилетсиздиктин маалым болушу, тоталитаризмге каршылык жана демократиялуу социализмдин колдоо тууралуу[2].

Оруэллл адабий сындоо, поэзия, фантастикалуу чыгарма, полемикалык журнализм тууралуу жазган. Ал аллегориялык «Айбан чарба» (англ. Animal Farm), (1945) аттуу аңгеме жана «1984» (англ. Nineteen Eighty-Four), (1949) аттуу антиутопиялык романы менен белгилүү. Анын Англиянын түндүгүндө орто класстын жашоосун баштан өткөргөн "Виган Пирге карай жол" (англ. The Road to Wigan Pier, 1937) жана Испаниядагы жарандык согушту көргөндөн кийин жазган "Каталонияга урматтоо" (англ. Homage to Catalonia, 1938) романдары жана саясат, адабият, тил жана маданият тууралуу эсселери жакшы сын-пикирлерге ээ болгон. 2008-жылы "Таймс" журналы аны "1945-жылдан берки британиялык эң улуу 50 жазуучунун " тизмесинде экинчи катарда көрсөткөн.

Оруэллдин чыгармалары популярдуу жана сасий маданиятка таасирин тийгизүүнү уланта бермекчи. Ошондой эле тоталитардык жана авторитардык коомдук адат деген маанини берген -"Оруэллиан" термини жана аны менен биргеликте ал, кансыз согуш (cold war), ага (Big Brother), полициянын ою (Thought Police), 101 бөлмө (Room 101), эс тутум жылчыгы (memory hole), "жаңы тил" саясий пропагандалоо тили (newspeak), эки жолу ойлонуу (doublethink), жана карама-каршы түшүнүү (thoughtcrime) сыяктуу жаңы неологизмдерди тилге кошкон.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 29 -сентябрь (аяк оона) 2023. Түп булактан архивделген күнү 16 -январь (үчтүн айы) 2021.
  2. Gale, Steven H. (1996). Encyclopedia of British Humorists: Geoffrey Chaucer to John Cleese, Volume 1. Taylor & Francis. p. 823.