Жорж Элиот

Википедия дан
Жорж Элиот.

Мэри Энн Эванс (англ. Mary Anne Evans; 1819-жыл 22-ноябрь — 1880-жыл 22 декабрь) — Жорж Элиот каймана аты менен белгилүү болгон англиялык роман жазуучу, акын, журналист, котормочу жана Виктория доорундагы алдыңкы жазуучулардын бири болгон. Ал "Адам Бид" (англ. Adam Bede, 1859), "Флосстогу жел тегирмен" (англ. The Mill on the Floss, 1860), "Сайлес Марнер" (англ. Silas Marner, 1861), "Мидлмарч" (англ. Middlemarch, 1871-1872) жана "Дэниэл Деронда" (англ. Daniel Deronda, 1876) менен катар жети романдын автору болуп саналат. Чыгармаларынын көпчүлүгү Англиянын элет жериндеги окуяларды чагылдырат, реализми жана психологиялык тереңдиги менен таанымал.

Чыгармалары олуттуу түрдө кабыл алынышы үчүн ал эркек каймана атын колдонгонун айткан. Элиоттун көзү тирүү кезинде аял жазуучулар өз аттары менен эмгектерин жарыкка чыгарышкан, бирок ал аялдар жеңил романтикаларды эле жазат деген стереотиптерден оолак болгусу келген. Ошондой эле ал өзүнүн көркөм чыгармасын эбак эле редактор жана сынчы катары кеңири белгилүү болгон эмгектеринен өзүнчө каралышын каалаган. Анын каймана ат колдонушуна дагы бир себеп — бул жеке жашоосун коомдук көзөмөлдөн коргоо аракетине байланыштуу болушу ыктымал. Андан тышкары ал мурда үйлөнгөн Жорж Генри Лүис менен 20 жылдан ашуун убакыт чогуу жашап, аны менен болгон мамилесине байланыштуу чыр-чатактарды алдын алгысы келген болушу да мүмкүн.

Элиоттун "Мидлмарч" чыгармасы Мартин Эмис жана Жулиан Барнс тарабынан "англис тилиндеги эң улуу роман" деп сүрөттөлгөн.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]