Жоробеков Эшимбек

Википедия дан

Жоробеков Эшимбек (7.10.1930, Талас облусу, Кара-Буура району, Көк-Сай айылы - 1997) - К.Скрябин атындагы айыл чарба институтун (1957), Алматыдагы Жогорку партиялык мектепти (1966) бүткөн.

  • 1958-61-жылдары Киров районунун “Бейшеке” колхозунда,
  • 1962-64-жылдары “Грозный”, колхозунда, “Көк-Сай” совхозунда агроном,
  • 1966-68-жылдары Жаңы-Жол районунун “Бирлик”,
  • 1968-70-жылдары “Чаткал” совхоздорунда директор,
  • 1971-75-жылдары Өзгөн райондук айыл-чарба бөлүмүнүн башчысы,
  • 1975-78-жылдары Киров районунун “Бакайыр” совхозунун директору,
  • 1978-79-жылдары Айыл чарба министрлигинде бөлүм башчы,
  • 1978-84-жылдары Ош облустук мелиорация башкармалыгынын башчысы,
  • 1984-90-жылдары Республикалык талаа жана тоют илим изилдөө институтунун директору,
  • 1990-95-жылдары Фрунзе атындагы айыл чарба машиналарын чыгаруу заводунда директордун орун басары болуп эмгектенген.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6