Жотто ди Бондоне

Википедия дан

Жотто ди Бондоне (1266-, же 1267-жылдар ортосунда, Тоскана Колле-ди Веспиньяно – 8. 1. 1337, Флоренция) – италиялык живописчи. Проторенессанс искусствосунун өкүлү. 1334-жылдан Флоренциядагы собордун курулушун жетектеген. Жотонун алгачкы эмгектери – Ассиздеги Сан-Франческо чиркөөсүнүн (1290–99) айрым фрескалары. 1300-жылдын башында Римде болуп, антика дүйнөсүнүн живописи жана П. Каваллининин чыгармалары менен таанышып, алардын таасири тийген. Жото 1304–06-ж. эң негизги чыгармасы – Падуядагы Скровеньи капелласынын росписин (дель-Арен капелласын) жараткан. Акыркы чыгармалары: Санта-Кроче чиркөөсүндөгү Иоанн Чокундуруучунун, Иоанн Евангелисттин, Франциск Ассизскийдин өмүрү тууралуу Перуцци (1320-ж. чен) жана Барди (1320–25) капеллаларынын росписи. Жотонун чыгармачылыгы Италия искусствосунун өнүгүшүнө зор таасир тийгизген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1