Жуваз

Википедия дан

Жуваз – өсүмдүктөрдүн уругунан май тартуу (май Ж.) ж-а шалы актоо (ак Ж.) үчүн пайдалануучу өтө жөнөкөй түзүлүштөгү буюм. Алгачкы Ж-дардын дөңгөлөгүн бир же эки киши жөө түртүп айландырышкан. Бара-бара ага өгүз, эшек, ат чегиле баштаган. Акырында Ж. тегирмен сыяктуу суунун күчү (бара) м-н жүргүзүлө баштаган. Май Ж-дын соку сымал бөлүгү бир же бир нече катуу чулу жыгачтан жасалып, айрымдарынын ичине жука темир капталган. Ж-ды чоң соку таштарды чуңкурайта терең оюп да жасашкан. Булардын жанчууру (сок билеги ) оор келип, анын учу сокусунун түбүнө текши тийгендей жалпагыраак жасалып, айрымдарына темир капталган. Ж. Кыргызстандын түштүк аймактарында колдонулган.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Кыргыз Тарыхы.Энциклопедия". Бишкек 2003.