Жугуштуу оорулар бөлмөсү

Википедия дан

Жугуштуу оорулар бөлмөсүшаардык жана райондордогу борбордук поликлиникалардын составындагы уюштуруу-методикалык,кеңеш берүү-диагностикалык жана дарылоо, ошондой эле жугуштуу ооруларга жана бактерия алып жүрүүчүлөргө диспансердик байкоо жүргүзүүчү бөлүм. Өнөкөт ооруларды кабыл алуу жана кеңеш берүү, ооруп айыккандарга жана бактерия алып жүрүүчүлөргө амбулаториялык дарылоону жана жугуштуу оорулуу менен катнашкандарга байкоо жүргүзүүнү врач-инфекционист жүргүзөт. Жана ошондой жугуштуу ооруларга каршы күрөш жүргүзүү үчүн пландуу түрдө оорулууну, бактерия алып жүрүүчүлөрдү өз убагында таап, жугуштуу оорулардын алдын алууну ишке ашырат жана калк арасында санитариялык-агартуу иштерин жүргүзөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8