Жугуштуу ринотрахейт

Википедия дан

Жугуштуу ринотрахейт - (Rinotracheitis infectiosa bovum) катуу кармап, калтыратманы, жогорку дем алуу жолдорунда катаралдуу некроздуу сезгенүүнү пайда кылып, көздү, жыныс органдарын, борбордук нерв системасын жабыркатып, бооз малды бала салууга дуушар кылуучу контагиоздуу вирустуу ылаң. Ылаңдаткычы герпес вирус. Табигый шартта бодо мал гана жашына карабастан ылаңдайт. Ылаң козгогучунун булагы ылаңдаган жана жаңы айыккан мал. Алар вирусту сыртка мурдунан, көзүнөн жана жыныс мүчөлөрүнөн куюлган суюктуктар, сүт, сийдик, заң, шилекей аркылуу бөлүп чыгарат. жугуштуу ринотрахейттин гениталдык формасы менен ылаңдаган букалар коркунучтуу, себеби алардын бел суусу менен вирус 6-19 айга чейин бөлүнүп чыгууга жөндөмдүү. Ылаңдап айыккан малда вирустун бир нече жылга чейин сактала тургандыгы жөнүндө маалыматтар бар. Ылаң көбүнчө респиратордук жана гениталдык формаларда өтөт, ушуга ылайык дарт соо малга аба аркылуу (аэрогендик жол) жана контакттык (куудурганда жана башка учурда) жугат. Чарбада ылаңдын таралышына малды тар аянтчаларга багуу, өтө ысык же тескерисинче, өтө суук шарт, сапатсыз тоюттандыруу, желдетүүнүн жакшы иштебеши жана башка зоогигиеналык ченемдердин одоно бузулушу түрткү берет. Жугуштуу ринотрахейт жылдын бардык мезгилинде, бирок көбүнчө кыш, жаз айларында кездешет. Ылаңдуулук 30-90% ке чейин жетип, алардын ичинен 1-20% өлүмгө учурайт. Бооз кунаажындар жана уйлар ылаңдын айынан 6-8 айлыгында музоо салышы мүмкүн. Атайын каражаттардан алынган гипериммундук сары суу жана ооруп айыккан малдын каны же анын плазмасы менен дарылайт. Ошондой эле антибиотиктер, сульфаниламид дары-дармеги колдонулат. Ылаңды алдын алуу үчүн тиешелүү вакциналар бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]