Жугуштуу эктима

Википедия дан

Жугуштуу эктима, контагиоздук эктима (Ecthyma contagiosum) көбүнчө козу-улактардын эрининде, оозунун былжыр челинде, тубар кой-эчкилердин желининде жара пайда кылып өтүүчү жугуштуу ылаң. Козгогучу ДНК вирус. Вирус жогорку температурага жана кургакка, ысыкка чыдамдуу. Табигый шартта кой, эчки, жейрен, ылаңдайт. Айрыкча 4 күндөн 10 күнгө чейинки козу-улактар ылаңдашат. Ылаң малдан адамга да жугушу мүмкүн жугуштуу эктима козгогучунун булагы ылаңдаган мал, таратуучу факторлор жугуштуу эктима козгогучу менен булганган жайыт, короо-сарайлар. Соолук кой-эчкилер жугуштуу эктима менен жеңил ылаңдайт, ошондуктан кээде байкалбай калат да, алар туут мезгилинде ылаңдын козу-улактарга массалык түрдө таралышына себеп болот. Ылаңдын биринчи белгилери вирус койдун организмине киргенден 2-3 күн өткөндөн кийин байкала баштайт. Кыргызстандын шартында жугуштуу эктима эриндеги оозул түрүндө кездешет. Эриндин териси жараланып, таруудай болгон ысыктар пайда болот. Кийинчерээк алар ириңчелерге айланып, жарылгандан кийин жука карттанат. Бир нече күндөн кийин мындай ысыктар ууртуна жана тилине чыгат. Диагноз эпизоотологиялык, клиникалык маалыматтардын жана лабораториялык изилдөөлөрдүн натыйжасында коюлат. Ылаң башка микроорганизмдер менен кабылдабай өткөндө, жараланган жердин картын сыйрыбастан, йоддун, пиоктаниндин эритмесин сүйкөйт. Ошондой эле синтомицин эмульсиясы, антибиотиктер кошулуп даярдалган ихтиол шыбалмасы жакшы жардам берет. Жугуштуу эктиманын алдын алуу үчүн Кыргызстандындын окумуштуулары сунуш кылган вакцинаны козу-улактардын үстүнкү эринине, тубар койлордун желинине сүртүп эмдөө жүргүзүлөт. Ылаң чыккан чарбага чектөө коюлат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]