Жугуштуу энтеротоксемия

Википедия дан

Жугуштуу энтеротоксемия - (Enterotoxemia infectiosa anaerobica) койлорду шүүшүндүү энтеритке чалдыктырып, нерв түйүнүн, боорду жабыркатып, жалпы денени ууландыруу менен оор өтүүчү контагиоздуу эмес ылаң. Ылаңды бактерия козгойт, ал айлана-чөйрөдө өтө туруктуу, 15-30 мин кайнаткандан кийин гана споралары жугушсузданат. Табигый шартта жугуштуу энтеротоксемия менен көбүнчө козулар, андан соң чоң койлор, кээде малдын башка түрлөрү (бодо, эчки, жылкы, төө, чочко, тоок, жапайы жырткычтар) ылаңдайт. Аба ырайына жана чөптүн өсүшүнө байланыштуу энтеротоксемия көбүнчө жай жана күз айларында, өзгөчө жаан-чачындуу жылдары кеңири таралып, чыгаша арбын болот. Ылаң козгогучу чөп менен малдын ичеги-карынына кирип, ыңгайлуу шартта тез көбөйүп, уу (экзотоксиндерди) бөлүп чыгарат. Токсиндер денеге сиңип, ылаңды күчөтүп, бүт организмди ууландырат. Көпчүлүк учурда ылаңдаган кой адегенде телмирип оттобойт, ордунан араң жылат, мүдүрүлүп жыгылып, турбай калат. Өлөр алдында оозу-мурдунан көбүктөнгөн суюктук агат, чычкактайт, ичи көбөт. Мындай учурда ылаң 5-6 күнгө созулат да, мал тез арыктайт. Илдеттүү мал тишин кычыратат, катуу ыйынат, көзү бозоруп, темтеңдейт. Өнөкөт өткөндө, комплекстүү метод менен дарылоо талап кылынат. Бир эле мезгилде ылаңдаган малды кош валенттүү иммундуу сыворотка, антибиотиктер (дибиомицин, дитетрациклин, биомицин, террамицин жана башка) менен дарылайт. Ылаң чыккан чарбага чектөө коюлат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]