Жузупакматов Уланбек

Википедия дан

Жузупакматов Уланбек (1. 9. 1947-ж. туулган, Кожомкул кыштагы) - эл агартуунун отличниги. Жетекчи кызматкер.

  • 1968-69-жылдары армияда кызмат өтөгөн.
  • Эмгек жолун 1970-72-жылдары ар кандай жумуштарда иштөө менен баштаган.
  • 1972-жылдан Сапарбек Мырзакматов атындагы орто мектепте тарых мугалими, 1981-жылдан 2007-жылга чейин 26 жыл ошол эле мектепте директор болуп иштеген.
  • Анын демилгеси менен «Данияр - Жамийла» жаштар бригадасы уюшулуп, бүтүрүүчүлөр чарбага калып иштөө салтка айланган.
  • Ал иштеген жылдары окуу-тарбия иштери жакшы жолго коюлуп, мектеп окуучулары республикалык олимпиадада бир нече жолу жеңүүчүлөрдөн болуп алдыңкы орундарды ээлешкен.
  • Айылдык, райондук кеңештин бир нече жолку депутаты.
  • 2007-жылдан ардактуу эс алууга чыкса да мектепте мугалим болуп эмгектенип жүрүп, 2009-жылдан эс алууда.
  • Чал уруусунан.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9