Жумабаева Анакыз
Көрүнүш
Жумабаева Анакыз (10.10.1929-жылы туулган, азыркы Жалал-Абад облусу, Ноокен району Чоң-Курулуш кыштагы) пахтачы, Социалистик Эмгектин Баатыры (1975). Ош облусунун Ленин районундагы Фрунзе атындагы колхоздун пахтачылык бригадасынын бригадири болуп иштеген. Анын бригадасы 9-беш жылдыктын тапшырмасын мөөнөтүнөн мурда (1974) орундаткан. Эки Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5