Жумабаев Бейшенбек

Википедия дан

 Жумабаев Бейшенбек  (1947) – кыргыздын заманбап педагог, механик жана илимпоз окумуштуусу.Техникалык илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз-Славян университетинин профессору, Кыргыз Илимдеракадемиясынын улуу илимий кызматкери(0,5ставка),   Кыргыз Улуттук агрардык университетинин  профессору(0,25ставка),Жогорку Аттестациялык Комиссиянын эксперти.

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

 Жумабаев Бейшенбек 1947жылы Нарын облусундагы Кочкор районунун Ормон-хан айылында туулган.  Улуту - кыргыз.   

  • 1964-ж. Кочкор районундагы Кызыл-Дөбө  орто мектебин аяктаган.
  • 1969-ж. Фрунзе шаарындагы политехникалык интститутунун механикалык факультетин  бүтүргөн.
  • 1969-1996-жж. Кыргыз илмдер академиясынын Тоо-тектеринин физикасы жана механикасы институтутунун кенже илимпозунан улуу илимпозуна чейин өсүп, лабораторияны жетектеген. 1996-2004-жж. Кыргыз Агрардык университетинин профессору, кафедра жетекчиси, 2005-2017-жж. Кыргыз-Орус Славян университетинин профессору.
  • 1978-ж.Техникалык илимдеринин кандидаты. Темасы: “Серпилгич жарты чексиз телолсунун чыӊалуусун изилдөө(жердин тыкыс катмарына колдонуу үчүн)”.
  • 1988-ж. улуу илимий кызматкери деген наамга ээ болгон.
  • 1993-ж. техникалык илимдин доктору деген наам алган. Темасы: “Тоо тулкусунун тоолу аймактагы инженерлик курулуштардын чыӊалуу жана деформация болуу абалын аныктоочу аналитикалык үлгүсү”.
  • 2005-ж. профессор наамын алган.
  • 2005-жылдан бери Б.И.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин профессору.
  • 2000-жылдан бери  КР Атестациялык Комиссиянын илимий даража алууга даярдалган диссертацияларды математикалык жана техникалык илимдер тармактары боюнча эксперти.

Илимий ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жердин тышкы бетиндеги тоолу аймактарынын чыӊалуу жана деформациялануу акыбалдарын математикалык жолдору менен аныктоо. Тоо канталардын, гидротехникалык жана жер астындагы казанактардын теӊ салмактуу абалдарынын математикалык үлгүсүн түзүп аныктоо. Суу сактагычтар менен жолдордун чыӊалуусун жана туруктуулугун аныктоо.

Негизги илимий–методикалык эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Тоолу аймактагы тоо тулкуларынын теӊ салмактуулук жана чыӊалууу акыбалы. 1988ж.Илим, Монография.190бет.
  2. “Негиздер жана пайдубалдар” сабагы боюнча лабораториялык иштерди аткаруу үчүн методикалык көрсөтмөлөр. Окуу курал.1999ж.  КАУ
  3. Курулуш механикасы. Эсептөө-графикалык тапшырмаларды аткарууга методикалык көрсөтмөлөр. 2005ж. КРСУ.
  4. Токсондон ашык макамалар , периодикалык рецензиялануучу журналдарда жарыяланган.
  5. Көркөм чыгармаларды окутуунун методикасы.  -Б.: Кут бер, 2014. -415 б.
  6. Көркөм чыгармаларды талдоого окуучулардын кабыл алуусун даярдоо. -Б.: Кут бер, 2014. – 32 б.
  7. Адабиятты окутуунун методикасы. Окуу курал.-Б., 2016, -533б.

Проф. Б.Жумабаевдин илимий жетекчилиги   менен корголгон диссертациялар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Ходосевич Григорий Борисович (т.и.к.) “ Тоо тулкусунун каптал бетинде жайгашкан казанактын чөйрөсүндөгү массивдердин чыӊалуу акыбалы” (1994ж. К.Р. УИАсы).
  2. Аманалиев Алманбет Абасканович (ф.жана м.и.к) “ Катмарлуу тоо тулкусунда жайгашкан жер астындагы казанактардын тегерегиндеги  тоо тектеринин чыӊалуу жана деформациялануу акыбалы” (1997ж. К.Р. УИАсы).
  3. Абдыгазиев Калысбек Каныметович (т.и.к) “Плотинанын асфальттуу-бетон экранын чыӊалуу, деформациялануу жана туруктуу акыбалы” (1998ж. КАУ).
  4. Исаева Гульмира Сейитназаровна “Инженердик курулмалардын таасир берген чөйрөлөрдөгү тоо каптал беттеринин тулкусундагы чыӊалуу жана деформациялануу акыбалынын эсептөө методу” (1999ж. К.Р. УИАсы).
  5. Ким Эльвина Александровна “ Кыргызстандагы тоолу аймактарынын жумшак катмарындагы жайгашкан жолдордун каптал беттеринин туруктуулугун комлекстүү түрдө аныктоо” (т.и.к., К.Р. УИА, 2003ж.).
  6. Таджибаев Данияр Кушбакалиевич (т.и.к.) “Карьердин каптал беттериндеги тоо тектеринин механикалык кассиеттеринин анизатропиясын эсепке алуу менен негиздөө” (2009ж. К.Р. УИА).
  7. Исмаилова Кульнара Джанчаровна (т.и.к.) “ Тоолу аймактагы суу сактагыч плотинасынын чыӊалуу жана деформациялануу акыбалынын методикалык негизде аныктоо” (2010ж. КНАУ).
  8. Баялиева Жамиля Аскаровна (т.и.к) “ Тоонун каптал бетиндеги текчелердин чөйрөсүндөгү массивдердин чыӊалуу жана деформациялануу акыбалынын математикалык моделин түзүү” (2016ж. КНАУ).

Ал расмий оппонент болгон   окумуштуулары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Усенов Кеӊеш Жумабекович (т.и.к.) “ Карьердин каптал беттеринин туруктуулугун жана чыӊалуу акыбалдарын МКЭ жолу менен аныктоо”. Коргоо даярдалган диссертация” (01.02.07 “Грунттардын механикасы, чубуртма чөйрөсүнүн жана тоо пародалары”адистиги)
  2. Рогожников Олег Васильевич  “Тоолу аймактагы кендерди өздөштүрүү системаларынын конструкциялык бөлүктөрүнүн параметрлерин геомеханикалык негиздөө”. Диссертация техникалык илимдеринин докторлук даражасын изденип алуу үчүн жазылган ишине пикир. (1996ж).
  3. Ипалаков Тулеген Турсунович “Карьерлердин каптал беттериндеги массивдердин туруктуулуктугун камсыз кылуу үчүн геомеханикалык жолдору”. “Тоо кендердин өндүрүшүндөгү физикалык процесстер” кесиби боюнча техникалык илимдеринин докторлук илимий даражасын алуу үчүн даярдалган диссертацияга жазылган пикир” (1997ж)                            

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.