Жумабаев Стахан

Википедия дан

Жумабаев Стахан (20. 9. 1938-ж. туулган, Кызыл-Ой кыштагы) - жол инженери, чарбалык жана мамлекеттик кызматкер.

  • Фрунзедеги автомобиль жол техникумун (1962), политехникалык институтун (1974) бүтүргөн.
  • Эмгек жолун 1956-59-жылдары Кызыл-Ойдогу «Дружба» колхозунда койчу болуп баштаган.
  • Сосновка кыштагындагы ДЭУ-9 мекемесине караштуу Суусамыр участкасында жол мастер, участканын начальниги, башкы инженер.
  • 1974-79-жылдары Суусамырда жаңы ДУЭ-29 уюштурулуп, ага жетекчи болгон.
  • 1979-84-жылдары Бишкек - Аэропорт жолун тейлеген ДЭУ-1 жетекчиси.
  • 1984-90-жылдары Чүй облусу боюнча ПЛУАД-1 башкармалыгынын жетекчиси.
  • 1990-92-жылдары Мамлекеттик өндүрүштүк бирикмеде (ГПО) орун басар болуп иштеген.
  • 1992-94-жылдары жаңы уюштурулган Суусамыр районуна аким болуп дайындалган.
  • Район жоюлганда Чүй облусуна караштуу ДЭУ-29 жол мекемесин жетектеген.
  • Ал Суусамырда алгачкылардан болуп 1996-ж. Дыйкан чарбасын уюштуруп ушул мезгилге чейин жетектеп келүүдө.
  • Ардак грамоталар менен сыйланган.
  • Ко-жотай уруусунан.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9