Жумабеков Жолдошбек

Википедия дан

Жумабеков Жолдошбек (25. 12. 1940-ж. туулган, 8-Март (Ко-жомкул) кыштагы) - экономика илимдеринин кандидаты (1977; кандидаттыгын Москва шаарындагы СССР ИАнын Экономика институтунда жактаган), профессор.

  • Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетин бүтүргөн (1966).
  • Эмгек жолун Кыргыз ССР финансы министрлигинде экономист-статист болуп баштаган (1966-77).
  • Кийинчерээк Фрунзедеги политехникалык институтунда окутуучудоцент (1977-81), Мамлекеттик пландоо комитетинин алдындагы Экономика институтунда сектор башчы (1981-85), Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетинде окутуучу-доцент (1985-90), кайрадан 199096-жылдары политехникалык институтта доцент болуп эмгектенген.
  • 1996-жылдан Балыкчы шаарындагы Менежмент жана укук институтунда кафедра башчысы жана профессор, 2001-жылдан Бшнкектеги Эл аралык укук жана башкаруу академиясында иштеген.
  • Учурда ардактуу эс алууда.
  • Анын 38ден ашык илимий эмгеги жана монографиясы жарык көргөн.
  • Илимий эмгектери негизинен Кыргыз Республикасынын негизги фонддорун жана капиталдык салымдарын эффективдүү пайдалануунун маселелерине арналган.
  • Суусамырлык, жаныш уруусунун урпактарынан.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9