Жумакалый Арсыгулова

Википедия дан

Жумакалый Арсыгулова (1922-1947) – Кыргыз ССРинин тунгуч кесипкөй балеринасы, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти (1945). Жумакалый Арсыгулова азыркы Сокулук районунун Белогорка айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Ал балдардын эң улуусу болчу.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чыгармачыл жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

17 жашында (1941-жылы) Ленинграддагы хореографиялык окуу жайын бүтүргөн. Ошол эле маалда Фрунзедеги Абдылас Малдыбаев атындагы В.И. Ленин ордендүү Кыргыз опера жана балет театрынын (ал кездеги Кыргыз музыкалык драма театры болчу) сахнасында дебют жасаган. Ошол мезгилден баштап театрдын жаңы балет спектаклдеринде бардык негизги партияларды аткарган, ошондой эле Ленинграддан келгенге чейин аз убакыт мурда коюлган спектаклдердин баарына катышкан. Булардын арасында П.Гертелдин “Атаандаштар” жана Л.Делибанын “Коппелиясы” болгон. Ал Сванильданы (“Коппелия”) бийлеп, “Лауренсияда” башкы ролду аткарган. “Чолпон” балетинде Айдайдын ролунун репетициясына катышкан.

Улуттук балеттин кадрларын даярдоого кошкон салымы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1940-жылдын 1-январында кесипкөй балет артисттеринин кадрларына чоң муктаждык жаралып, Кыргызстан мамлекеттик музыкалык театрында 30 окуучуга хореографиялык студия ачылган. Кийин бул студия балет театрына айланган. Улуу Ата Мекендик согуштун башталышы менен хореографиялык студиянын курамы Ленинград хореографиялык окуу жайынын эвакуацияланган окутуучулары жана студенттери менен толукталган. Студиянын мугалимдеринин арасында советтик балеттин тажрыйбалуу чеберлери болгон. Алардын арасында балетмейстерлер жана мугалимдер, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисттери В.В.Козлов, Л.М.Крамаревский, М.Б.Страхова, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Ж.Арсыгулова, Г.Даниярова жана башкалар болгон .

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]