Жумаканов Чанай

Википедия дан

Жумаканов Чанай (1930, Жети-өгүз району, Шевченко айылы - 1991, ошол эле жер) - хор дирижёру.

  • Кыргыз композиторлор союзунун мүчөсү.
  • 1948-52-ж. Кыргыз мамлекеттик М, Күрөңкеев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайында окуган.
  • 1952-жылдан Кыргыз мамлекеттик Т. Сатылганов атындагы филармониянын хорунда дирижёр, башкы дирижёр, көркөм жетекчи.
  • 1958-ж. Москвада өткөн кыргыз искусствосу менен адабиятынын он күндүгүңдө Жумаканов жетектеген хордун аткаруучулук чеберчилиги бейтааныш угуучулар тарабынан жогору бааланган.
  • «Достук майрамы» аттуу вокалдык-симфониялык поэманы, «Партияны ырдайбыз», «Октябрь» кантаталарды, «Ата журтка ант», «Кыргыз спортчуларынын маршы», «Малчылар» ж. б. ондогон хорлорду, ырларды, 40тан ашык балдар ырларын («Эки энем», «Ур сурнай, сок барабан», «Жардам бердик», «Көк кайык» ж. б.) жазган.

1970-ж. «Ырдайлы, достор» аттуу обондуу ырлар жыйнагы жарык көргөн. Кыргыз музыкалык өнөрүн өркүндөтүүдөгү сиңирген эмгеги үчүн «Ардак Белгиси» (1958), Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.