Жумакунов Рысбек

Википедия дан

Жумакунов Рысбек (1960-ж. т., Балыкчы ш.) - дирижёр.

  • Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (1995),
  • 1927-жылдан Т. Сатылганов атындагы Филармониянын К. Орозов атындагы эл * аспаптар оркестринде иштейт. Флейтада ойнойт.
  • 1979-ж. Фрунзедеги М. Күреңкеев атындагы музыкалык окуу жайынын флейта классын,
  • 1984-ж. Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтунун дирижёрлоо классын бүтүргөн.
  • 1988-ж. комузчу-аткаруучу Чалагыз Исабаев менен «Камбаркан» этнографиялык-фольклордук ансамблин уюштурган. Ошондон бери топтун дирижёру болуп иштөөдө.

Ал ондогон элдик ырларды, күүлөрдү ансамблдин ажарын ачкандай деңгээлде, көркөмдүк бийиктикте иштеп чыккан. Мис., К. Орозовдун «Сынган бугу», А. Огомбаевдин «Марш камбаркан», «Саадак какты» аттуу ж. б. классикалык күүлөрдү, Б. Эгинчиевдин «Күлгүн жаш», элдик «Кыздын ыры», А. Жайнаковдун «Кыргыз жери» сыяктуу ырларды көркөмдүктө оркестрлештирген.

Атайын «Камбаркан» үчүн өзү да «Дастан», «Баба мурасы», «Боз инген», «Той» ж. б. күүлөрдү, ырларды жазган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.