Жумалиев Жанчак

Википедия дан

Жумалиев Жанчак (1930-ж. туулган, Кызыл-Ой кыштагы) - Фрунзе шаарындагы советтикпартиялык мектепти бүтүргөн (1962).

Чарбада сүт-товар фермасында эсепчи (учётчик), колхоздун Кызыл-Ой бөлүмүнүн башчысы болуп көп жылдар бою эмгектенген. Айылдык кеңешке бир нече жолу депутат болуп шайланган. Медалдар, Ардак грамоталар менен сыйланган. Кожотай уруусунан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9