Жуматаева Роза

Википедия дан

Жуматаева Роза (14. 9. 1939-ж. туулган, Суусамыр кыштагы) - агартуучу, эмгек ардагери.

  • Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунун чет тилдер факультетин бүтүргөн (1961).
  • Эмгек жолун Суусамыр орто мектебинде англис жана немис тили мугалими болуп баштаган.
  • 1 974-жылдан Фрунзе шаарындагы Кыргыз ССР Эл чарбачылыгынын жетишкендиктеринин көргөзмөсүндө (ВДНХ) алгач экскурсия жүргүзүүчү, кийинчерээк илим, маданият жана жеңил өнөр жайы бөлүмүндө директор болуп эмгектенген.
  • Учурда ардактуу эс алууга кеткен.
  • Бокс боюнча СССР спортунун мастери, Кыргыз Республикасында панкратион федерациясынын президенти Эдил Молдалиевдин энеси.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9