Жумшаруу

Википедия дан

Жумшаруу - бир сөз ичинде же эки сөздүн аралыгында каткалаң тыбыштардын үндүүлөрдүн таасири менен жумшарып айтылышы. Кыргыз тилиндеги Жумшаруу, негизинен, каткалаң к, п тыбыштарына байланыштуу. Жумшаруу, т.а., к, п тыбыштарынын жумшарып айтылышы бир нече түрдүү болот.

1. К, П тыбыштары менен аяктаган сөздөргө үндүү тыбыш менен башталган мүчө уланганда ал тыбыштар жумшарып айтылат, жазууда да ошол түрүндө жазылат. Мис: кап+ы – кабы, кап+ың

– кабың, ээк+ым – ээгим, ак+ар – агар, тик+уу – тигүү, сеп+уу

– себүү, жээк+ы – жээги, жап+уу – жабуу, азап+ым – азабым, тарак+ым – тарагым, кабак+ың – кабагың ж.б.

2. Эки сөздүн аралыгында, т.а., жанаша айтылган сөздөрдүн мурдагысы К,П тыбыштары менен аяктап, ага удаа келген сөз үндүү тыбыш менен башталса же мурдагы сөз үндүү менен аяктап, кийинки сөз ошол эле каткалаң тыбыштар менен башталса к,п тыбыштар жумшарып, г,б болуп айтылат. Мис: агала (ак ала), агуй (ак уй), боегалдык (боек алдык), кебук (кеп ук), алагарга (ала карга), малагөк (мала көк), берегой (бере кой), ботогөз (бото көз) ж.б.

3.Удаа айтылган эки сөздүн биринчиси жумшак үнсүз (з,р,л,м,н) менен аяктап, кийинкиси каткалаң К тыбышы менен башталса, ошол каткалаң тыбыш көпчүлүк учурда жумшарып айтылат, бирок жазууда өз алдынча турганда кандай айтылса, ошондой боюнча жазылат. Мис: жазгелди - жаз келди,

каргетти - кар кетти, колгой - кол кой, сенгел - сен кел, камгөрдү - кам көрдү, Айгерим - Айкерим, Эсенгул - Эсенкул ж.б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4