Жунгар-кыргыз согуштары

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Жунгар-кыргыз согуштары , Кыргыз-калмак согуштары – 17-кылымдын башы – 18-кылымдын ортосунда ойроттордун кол салууларына каршы кыргыздардын күрөшү. Жуңгариядагы ойроттор 15-кылымда эле кыргыздар жашаган Теңир-Тоого, Ферганага жортуулга келип турган. Ойроттордун негизги максаты жергиликтүү калктардын мал-мүлктөрүн тартып алуу, салык (алман) төлөтүү, айрыкча кыргыз, казак, өзбек жана уйгур жерлерин жайыт катары пайдалануу болгон. Орто Азия аймагында калмактар да жуңгарларга каршы биргелешип күрөшүүгө умтулушкан. 17-кылымдан баштап күрөш улам күчөй баштаган. Алгач 1620-ж. кыргыз, казак аскер күчтөрү жортуулга келген калмактарды өз аймактарынан сүрүп чыгышкан. 1626–27-ж. кыргыз, казак жоокерлери калмактарга каршы жортуул уюштуруп, аларды Сибирге чейин сүрүп барышкан. 1633-ж. калмактар кыргыздар менен казактарга кол салып, жеңишке ээ болушкан, казактардын ханы Эшим хандын уулу Жангыр султанды туткунга алышып, кийин коё беришкен. 1643-ж. Орто Азияга чоң жортуулду хонтайжы Эрдени баатыр өзү баштаган, ал алгач «кыргыздардын эки аймагын ээлеген», андан ары Ташкен, Түркстан тарапка бет алган. Бирок, бул жерден ага түрк тилдүү калктардын Жангыр жана өзбек кол башчысы Жалаңтөш аталык жетектеген биргелешкен күчтөрү каршы турган. Аларга кыргыз аскерлери да чечкиндүү жардам беришип, калмактарды өзүлөрүнүн чегарасына чейин сүрүп ташташкан. 1652-ж. кыргыздар менен казактарга каршы Очирту Цэцэн хан жортуулга чыккан. 1658-ж. Талас өрөөнүндөгү Куланжылан деген жерде кыргыз, казак, өзбектердин Абдышкыр баштаган 38 миң жоокери калмактар менен согушуп, жеңилүүгө дуушар болушкан. 1681–85-ж. Галдан Бошокту хандын аскерлери Кыргызстандын түштүгүнө бир нече ирет жортуулга барышып, Ош, Өзгөн, Сайрам шаарларына чоң зыян келтиришкен. 1707-ж. Цебан Рабтан теңиртоолук кыргыздар менен салгылашкан. 1718-ж. 2,5 миң адамдан турган калмак аскери кыргыз жерлерин аралап өтүп, Түркстан шаарынын жанында казактардын 3 миң жоокерине кол салган. 1718–22-ж. Кыргызстандын түндүк тарабындагы бир катар аймактар убактылуу жуңгарлардын кол алдында калган. Элдик санжырада бул аймактардагы кыргыздар калмактардын кысымынан Фергана, Каратегин, Кысар (Гисар) тарапка эки жолу жер которууга мажбур болгон. Ал тууралуу эл ичинде «Казак кайың сааганда, кыргыз Кысарга, Көлөп киргенде» деген ылакап айтылып калган. 1725-, 1727-ж. калмактар Кыргызстандын түндүгүнө жортуул жасашкан. Кыргыздар согушпастан, келишимге жараша 30 адамды ак үйлүүгө бергенге мажбур болушкан. 1729-ж. казактар Ангракай деген жерде чоң салгылашууда калмактарды жеңишкен, бирок анын үзүрүн көрө албай, ичара бийлик талашуудан бөлүнүп-жарылып начарлаган. Калмактар 1732-ж. Кетментөбөдөгү Мааматкул бий башкарган кыргыздарга жана 1736-ж. же 1738-ж. Бадахшан тарапка үч ирет жортуулга чыгышкан. Анын акыркысында кыргыздар калмактардын күчүнө катуу зыян келтиришкен. 1744-ж. кыргыздар менен калмактардын ортосунда согуш болгондугун тарыхый булактар билдирет, жыйынтыгы белгисиз. 1745–46-ж. калмактар Фергана тарапка чоң жортуул уюштурушуп, жеңилүү менен кайтышкан. 1748-ж. кыргыздар Кашкар шаарынын тегерегинде калмактардын 10 миң жоокерлеринен 7 миңин мерт кылышкан. 1749-жылдын жай айларында кыргыздар 30 миң калмак колунун 10 миңин жок кылышып, душманды чегинүүгө мажбурлашкан. 1752-ж. Ысык-Көлдүн жээгинде калмактарга катуу сокку берип, кыргыздар жеңишке ээ болушкан. Ушундан баштап кыргыздардын калмактар менен болгон согуштары боштондук мүнөзгө ээ болуп, үстөмдүк кыргыздар тарапка өткөн. Бул согушта кыргыз, казак жоокерлери калмактарга каршы биргелешип аракет кылышып, 1755-ж. чейин душманга алдырган жерлерин толугу менен кайрып алууга жетишишкен. 1755–58-ж. калмактардын мамлекетин Цинь империясы кыйраткан.


Адабият[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.