Жунусаалы Куттубай уулу

Википедия дан

Жунусаалы Куттубай уулу (1861, Талас өрөөнү, Чымкент айылы —1961, Кара-Буура району; Чымкент айылы) — сурнайчы.
Ал кичинесинен эле ыр-күүгө шыктуу чоңойгон. Кийинчерээк эс тартканда Талас өрөөнүнүн жогорку аймагынан чыккан атактуу сурнайчы Тойгожо менен таанышып, андан таалим алган. Тойгожонун «Салтанат», «Эл дүрбөдү», «Эр сайыш», «Таң атат», «Наалышың жетсин кудайга», «Зулайка» сыяктуу өзүнүн күүлөрү болгон.
Жунусаалынын жетилген курагында күү чыгаруу жана сурнайчылык өнөрү Тойгожодон кем калышкан эмес. Анын атагын калк арасына сурнайчылык өнөрү тараткан.
1939-ж. Москвада өткөн кыргыз искусствосу менен адабиятынын биринчи декадасына катышып, «Ак токту», сурнай күүсүн мыкты аткарган. Элге кеңири белгилүү чыгармалары: «Ак токту», «Салтанат», «Колхоз шаңы», «Кош кайрык», «Сурнай күү», «Жеңиш» жана башка. Медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Талас облусу энциклопедия. Бишкек-1995-ж.