Жунусов, Масхуд

Википедия дан

Жунусов Масхуд (1919-ж. т., Каракол ш.) — философ, философия илимдеринин доктору (1956), профессор (1957).

1940-ж. КМПИнин биология факультетин бүтүрүп, аспирантурада окуган.
1941—43-ж. Улуу Ата Мекендик согушка катышкан.

СССР ИАнын Кыргыз филиалынын Тил, адабият жана тарых институтунун улук илимий кызматкери, 1949-ж. сектор башчысы , 1951—63-ж. КМПИнин, кийин КМУнун философия кафедрасынын башчысы, 1963— 65-ж. СССР ИАнын Философия институтунун улук илимий кызматкери, топтун жетекчиси, сектор башчысы, 1965—74-ж. Социология институтунун улук илимий кызматкери, 1989-жылдан ошол эле жерде консультант (Москва).

Жунусов — мурун артта калган элдердин капитализмди аттап социализмге өтүшүнүн жана СССРде улут маселесинин тарыхый тажрыйбасын изилдеген адистерден.Ушул маселелерге байланыштуу жүздөн ашык илимий эмгек жазган. Алардын айрымдары кыргыз элинин социализм тушундагы тарыхый тагдырына арналган.
Эмгек Кызыл Туу, Эл Достугу ордендери жана медалдар (чет өлкөлөрдөн алгандары да бар) менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.