Жунушбаев Жанузак

Википедия дан

Жунушбаев Жанузак (18. 7. 1947-ж. туулган, Панфилов району, Эркин-Сай кыштагы) - жетекчи кызматкер, жол инженери жана ишкер.

  • Фрунзедеги политехника институтун бүтүргөн (1971).
  • Эмгек жолун «Кыргыздортранспроект» институтунда илимий кызматкер болуп баштаган.
  • Кийинчерээк № 958 ДЭУга караштуу Дмитриевка кыштагындагы Жол ремонттоо пунктунун (ДРП) башчысы.
  • Суусамырдагы № 29 ДЭУда алгач инженер, андан соң начальник (1977-85), Панфилов районундагы РДЭСУда жетекчи (1985-86) жана Жайыл районундагы ДЭУ-9да начальник болуп эмгектенген.
  • Кыргызстан эгемендик алгандан ишкерлик менен алектенет.
  • Жол тармагында эмгектенген жылдары Автожолдор министрлигинин, Чүй жана Нарын облустук аткаруу комитеттеринин Ардак грамоталарына татыктуу болгон.
  • Учурда ардактуу эс алууда болуп, жеке ишкерлик менен алектенет.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9