Жунушов Асанкадыр Темирбекович

Википедия дан

Жунушов Асанкадыр Темирбекович - (1. 3. 1949-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Тоң району Бөкөнбаев айылы) ветеринария илимдеринин доктору (1991), профессор. (1998), КР УИАнын корреспондент мүчөсү (2010), КРдин илимге эмгек сиңирген ишмери (2002). Россия айыл чарба ИАнын (2007) жана бир нече коомдук ИАнын академиги. К. И. Скрябин атындагы КАЧИни (1972), Кыргызстан мал чарба жана ветеринария ИИИнин аспирантурасын бүтүргөн (1975). 1972-74-жылы Кыргызстан мал чарба жана ветеринария ИИИнин майда жандыктарды багуу (виварий) бөлүмүнө башчы, 1975-78-жылы улук илимий кызматкер, 1978-87-жылы мамлекеттик. кызматта иштеген. 1987-93-жылы КРдин Мамлекеттик башкы ветеринардык инспектору, Кыргыз агро-өнөр жай комитетинин Ветеринария департаментинин генералдык директору. 1993-2000-жылы К. И. Скрябин атындагы КАУда профессор 2000-жылдан КР УИАнын Биотехнология институтунун директору. Биотехнология жана мал патологиясы боюнча адис. Эмгектери мал өстүрүү жана өтө жугуштуу ылаңдардан арылтуу маселелерине арналган. 200дөн ашык илимий эмгектин автору. Эмгектери: Пути повышения продуктивности скота на молочно-товарных фермах и комплексах Киргизской ССР (в соавторстве). Ф., 1980; Ветеринарная экономика и менеджмент. Б., 2001.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]