Жуп нике

Википедия дан

Жуп нике - жеке никенин алгачкы коомдук түзүлүштө пайда болгон түрү. Полигамиядан айырмаланып, үйлөнгөн жубайлар бирге жашабагандыктан, үй-бүлө коомдун өз алдынча экономикалык уютку боло алган эмес. Нике туруксуз болгон. Үйлөнгөндөр өз уруусу менен чогуу жашап, кез-кезде гана бирине-бири каттап турган. Алгачкы коомдук түзүлүштүн бузулушу, жеке менчиктин пайда болушу, Жуп никеден жеке никеге өтүүгө шарт түзгөн. Кийин үй-бүлө уруудан бөлүнүп чыгып, ал коомдун экономикалык уюткусуна айланган жана үй-бүлөдө атанын бийлиги орногон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]