Жууку көлү

Википедия дан

Жууку көлүТескей Ала-Тоонун түндүк капталындагы Жууку суусунун башында жайгашкан. Узундугу 450 м, эң жазы жери 250м. Аянты 0,073км, суусунун көлөмү 0,204млн м. Эң терең жери 9,5м. Тепши сымал өрөөндө дең из дең гээлинен 3790м бийиктикте жатат. Чанагы байыркы мөң гүдөн пайда болгон. Чыгыш тарабы анча бийик эмес морена менен тосулган. Жээк тектирлери жана формасы көлдүн аянты мурда 2,5 эсе чоң болгондугун далилдейт. Бөгөттүн жуулуп кетишинен көлдүн дең гээли бөксөргөн. Суусу тузсуз, тунуктугу 2,5м. Көлдөн Жууку суусунун оң куймасы башталат.