Жыгач архитектурасы

Википедия дан

Жыгач архитектурасы - архитектуранын жыгачтан имарат куруу тармагы; ал жыгачтын түрдүү касиетинен жана куруу ыкмасынан келип чыккан өзгөчөлүктөргө ээ. Жыгач бекем, жеңил жана иштетүүгө ыңгайлуу болгондуктан, ал жакшы курулуш материалы болуп саналат. Жыгач архитектурасы курулуш иштеринин байыркы түрлөрүнүн бири. Жыгач курулушу 2 конструкциялуу системада: көтөрмө (ичинде топурак, кум-таш жана башка түшүп кетпегендей кылып жыгачтан жасалган 4 бурчтуу курулуш)жана кереге түрүндө өнүккөн. Керегелүүсү нечен кылымдан бери өзгөрүүсүз колдонулуп келет. Мурда көп элдерде (айрыкча оруста) жыгачтан шаар, кыштактар салынган. Жыгач өрткө жана узак убакытка туруштук бере албагандыктан, жыгач архитектурасынын байыркы эстеликтери жок болуп кеткен. Негизинен 17-19 жана бир аз 12-16-кылымдагы курулуштар сакталган. Жыгач архитектурасы шаарлардын калыптанышында зор роль ойногон. Байыркы жыгач курулуштар адабий маалыматтар боюнча гана белгилүү. Көтөрмө тутумдуу турак жайлар Россия, Беларуссия, Украина, Балтика бою, Польша, Румыния, Финляндия жана башка өлкөлөрдө көп кездешет. Чарба курулуштарын (кампа, тегирмен, көпүрө, мончо) жана башка курууда калк арасынан чыккан чеберлердин өнөрү кеңири таралган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]