Жыгач иштетүүчү станок

Википедия дан

Жыгач иштетүүчү станок - жыгач материалдарын керектүү өлчөмгө жана түргө келтирип иштетүүчү жөнөкөй машина. Анда ар түрдүү жыгач материалдарынан (тактай, фанера, жыгач такта жана башка) буюмдар менен жасалгалардын (эмерек, вагон, кеме жана башка) тетиктери, даяр буюмдар (эмерек, терезе, каалга, паркет, лыжа, кеңсе буюмдары жана башка) даярдалат. Аткарган жумуштун түрүнө жараша жыгачты кескич, ийгич, жыйноочу, желимдөөчү жана жасалгалоочу болуп бөлүнөт. Жыгач кескич станокто жыгач араалоо, фрезалоо, жонуу, көзөө, оюу, сүрүү жана жылмалоо иштери аткарылат. Жыгач ийүүчү станок жыгач бөлүкчөлөрүнүн байланышы бузбай ийип, керектүү түргө келтирет. Жыйноочу станокто айрым даяр тетиктер мык, сайлуу мык, тээк жана башка менен бекитилип, буюм жасалат. Жасалгалоочу станокто даярдалган буюмдардын бетине лак сүйкөлүп, ар түрдүү оюм-чийим түшүрүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]