Жыгач конструкциялар

Википедия дан

Жыгач конструкциялар - толук же көпчүлүк бөлүгү жыгачтан жасалган курулуш түзүлмөлөрү. Жыгач конструкциялар тактай тилүүчү, жыгач иштетүүчү ишканада, көпүрөдө, мунарада, айыл чарба курулушунда колдонулат. Курулушта алкак, ферма, устун, кадоо, түркүк, таяныч, төшөлгө, калкан, кашек жана башка катары пайдаланылат. Ири жыгач конструкциялар эки-үч устундан туруп, желим же жыгач чегелер менен бириктирилет. Жыгач чегелүү устундардын узундугу 6 жерден ашпайт, себеби аларды аштап узартууга болбойт. Желимделген устундун узундугу 12-15 мге жетет. Өнөр жай имаратындагы аралыкты жабуу үчүн өтмө конструкция (фермалар) пайдаланылат. Мейкиндик жыгач конструкцияларга торчолуу, кабыктуу конструкциядагы мунаралар жана мачталар кирет. Кабык түрүндөгү конструкциялар бир нече катмардуу болуп, тактайдан даярдалат. Калкан жыгач конструкциялар үйдүн чатырын жабууда колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]