Жылаажын

Википедия дан

Жылаажын - 1) жезден жасалып, алтын, күмүш жалатылган кичинекей, тоголок кооз коңгуроо орто жылаажынды кичинекей балдардын жакаларына, жаш кыздардын шуру, мончокторунун, келиндердин чач учтугунун ар кайсы жерине тагышкан. Кыз минүүчү атка катылган жүгөндүн сагагына же эки жаагына бириктиришкен. Кыз-келиндер кийүүчү бийик өкчөлүү өтүктүн такасын атайы көңдөйлөп, ага жылаажын орнотушкан. Аны кийип басканда уккулуктуу үн чыккан. Жылаажын айрым жерде зыңгырооч деп да аталат; 2) кыргыздын эң байыркы музыка аспаптарынын бири.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]