Жыландын уусу

Википедия дан

Жыландын уусу - айрым жыландардын шилекей бездеринен бөлүнүп чыккан зат.

Жаңы кезинде туссуз, саргыч же жашыл коюу суюктук; курамында альбумин, глобулин, ферменттер, суу, туздар ж. б. бар. Кургатылган түрдө 23 жылга чейин сакталат. Түрдүү жыландардын уусунун касиети ар башка; мис., кара чаар жыландын уусунда кан тамырдын жарылуусуна себеп болгон геморрагии, чекир жыландын уусунда нерв системасынын ишин начарлатуучу нейротоксин заты бар. Ошондуктан ар кандай жыландын чагуусун организм түрдүүчө которот. Мис., кара чаар жылан чакканда чаккан жер ооруп, шишийт, териде ыйлаакча жана геморрагия пайда болот; чекир жылан чакканда адам, мал демигип, кээде кусат, дем алуу борборунун иштебей калышы өлүмгө дуушар кылат. Чекир, калкан тумшук жана чырылдак жыландардын уусу канды уютпас, кара чаар жыландыкы уютма касиетке ээ.

Жыланга чактырбоо үчүн саякат жана а. ч. жумуштарын аткарууда кончу узун өтүк кийип, өтө этияттануу зарыл. Жылан чакканда биринчи жардам - кишини кыймылдатпай жаткызып, шакшак коюу, суусундарды (чай, суу) көп ичирүү жана Жыландын уусуна карты сыворотка ж. б. каражаттар колдонуу. Жыландын уусунан ооруган жерди басаңдатуучу, түрдүү сезгенүүгө карты таасир берүүчү, невралгия жана муундардын оорусун ж. б. айыктыруучу дарылар жасалат. Дары-дармеги май (випросал, випратокс), чанда эритме түрүндө (випраксин, випрактин ж. б.) чыгарылат. Туберкулез, боор, бойрок ж. б. ооруларды Жыландын уусу менен дарылоого болбойт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.