Жылан-Төр мөңгүсү

Википедия дан

Жылан-Төр мөңгүсүЧоң-Алай кырка тоосунун түндүк капталындагы ероон тибиндеги мөңгү. Кызыл-Суунун сол куймасы — Тарама суусунун алабынан орун алган. Узундугу 3,0 км, аянты 4,5 км2, көлөму 0,100 км3. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээли 4700 м, этеги 3700 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 3400 м. Мөңгүдөн Жылан-Тер суусу (Тарама суусунун сол куймасы) башталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]