Жылаңач-Бугу-Тоосу

Википедия дан

Жылаңач-Бугу-Тоосутопоним. Көзкамандардан ууланган Манасты Каныкей качырып келип айыктырган жер. Манастын сөөгүн Каныкей Эчкиликтин-Кара Зоосуна коюлду деп айттырып, чындыгында Ж.-БТ-на койдурган деген уламыш бар. М. Мусулманкуловдун вариантында Манастын сөөгү коюлган жай Ж.Б-Т-сунда делет. Географиялык реалияда Ж.-Б-Т. Тогуз-Торо районунун түндүк жагындагы Молдо-Тоонун уландысы. Жергиликтүү эл Ж.-Б-Т-н ыйык тутат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4