Жылаңач уруктуулар

Википедия дан
Жылаңач уруктуулар.

Жылаңач уруктуулар (лат. Pinophyta же Gymnospermae) – уруктуу өсүмдүктөрдүн байыркы тобу (бөлүмү). Аларда урук бүчүрлөрү мөмө жалбырагынын бетинде ачык жайгашат. Буларда мөмөсүз урук эле болот. Дайыма жашыл, кээ бири жалбырагын күбүмө дарак, бадал, чанда лианалар (чекенденин айрым түрү, гнетум). Жалбырак формасы ар түрдүү: бүгүн түрпүлүүдөн, ийне жалбырактуу дихотомиялык канаттай, эки айчыктуу. Алар жабык уруктуулар (гүлдүү) менен папоротниктердин ортосундагы абалды ээлеген өсүмдүктөр. Уругу мегаспорофиллдердин үстүндө өөрчүп, кабыксыз болгондуктан, жылаңач уруктуулар деп аталган. Папоротниктерден урук-бүчүрү менен, жабык уруктуу өсүмдүктөрдөн мөмө-жалбыракчасынын жоктугу менен айырмаланат. Байыркы жана жөнөкөй түзүлүштүү өкүлдөрүнүн тобурчактары жок, микроспорофиллдери жана мегаспорофиллдери узун өркүнүндө бош жайгашкан. Азыркы Жылаңач уруктуулардын бардыгынын тобурчагы бар, алар бир жыныстуу, башкача айтканда аталык тобурчагы микроспорофиллден, энелиги мегаспорофиллден турат. Жалбырагы майда, ичке түрпү же канат сымал, анатомиялык түзүлүшү, үтү боюнча да бири-биринен айырмаланат. Уругу менен көбөйөт. Азыр алардын 4 классы (саговниктер, гнеттер, гингко сымалдар, ийне жалбырактуулар) белгилүү. Жер жүзүндө 600гө жакын түрү өсөт. Анын көбү ийне жалбырактуулар. Алар девон мезгилинин башында пайда болгон. Мезозойдо кеңири таралган. Кийин геолиялык өзгөрүүлөрдүн натыйжасында кээ бири жоголо баштаган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]