Жылгын

Википедия дан
Myricaria germanica.

Жылгын (лат. Myricaria) – жылгындар тукумундагы өсүмдүк уруусу. Анча бийик эмес бадал, кээде даракча. Бийиктиги 1,5-6 метрге жетет. Жалбырагы майда, учтуу, түрпүчөдөй, кезектешип жайгашкан. Топ гүлү чачыдай же машактай. Гүлү кооз, желекчелери ак, мала кызыл же көгүш. Мөмөсү кутуча. Жылгындын Кыргызстанда 3 түрү көрктүү жылгын, түлкү куйрук жана түрпүлүү жылгын кездешет. Өзөндүн шагылдуу жээгинде, сайда өсөт. Айрым түрүнөн боёк заттар алынат. Жаш бутактары малга тоют. Жалбырагы С витаминине бай. Кабыгы өңдөөчү зат катары колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]