Жылдыз аралык булут

Википедия дан

Жылдыз аралык булут - жылдыз аралык газ менен чаңдын биригүүсү. Спиралдык галактиканын спираль түрүндөгү бутагында газдын 80-90%и жылдыз аралык булутта жыйналган. Алар биригип, газ-чаң комплекстерин түзөт жана спиралдык бутактын ички (иймек) жагында жайгашат. Жылдыз аралык булуттардын параметрлери ар түрдүү. Биздин Галактикада алардын диаметри 5-40 пс, температурасы 20-100 К. Жылдыз аралык булут Галактика дискинин 10% көлөмүн ээлейт жана жылдыздар менен бирге Галактика дискинде анын борборунун тегерегинде айланага жакын жолдор боюнча100-200 км/сек ылдамдык менен кыймылдайт. Айрым булуттун өздүк (пекулярдык) кыймылынын ылдамдыгы 10 км/сек, кээде 50-100 км/секга жетет. Галактиканын таажысында анын тегиздигине 200 км/секга чейинки ылдамдык менен түшүп жаткан газдар байкалган, ал газдын кайдан келип чыкканы белгисиз. Жылдыз аралык булуттар арасындагы атомдордун концентсы бир см3да 0,02-0,2 атом, температурасы 7-10 миң К.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]