Жылдыз астрономиясы

Википедия дан

Жылдыз астрономиясы - астрономиянын бөлүмү; ал Галактиканын түзүлүшүн, өнүгүшүн, кош, үчилтик жана башка эселик жылдыздарды, жылдыз чогулмаларын, ошондой эле газ, чаң жана газ-чаң булуттарынжанааны пайда кылган диффузиялык заттарды изилдейт. Астрономиянын башка тармагынан алынган маалыматты пайдаланып, статистикалык материалдын негизинде Галактикадагы астрономиялык объектилердин касиеттерин, мүнөздөмөлөрүн, өз ара байланышын, алардын жайгашуу жана кыймыл закондорун, өнүгүү белгилерин үйрөтөт. Жылдыз астрономиясы жылдыз статистикасы, жылдыз кинематикасы жана жылдыз динамикасына бөлүнөт. Биздин заманга чейин 2-кылымда Гиппарх жылдыз каталогун түзүп, миңдей жылдыз координаталарын көрсөткөн. 14-кылымда Улугбек Гиппарх каталогун тактап, жаңысын түзгөн. Жылдыздуу асманды изилдөөдө жылдыз атласы жана жылдыз картасы чоң мааниге ээ.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]