Жылдыз кинематикасы

Википедия дан

Жылдыз кинематикасы - жылдыз астрономиясынын Галактиканын ар түрдүү объектилеринде кыймылдын мыйзам ченемин статикалык ыкма боюнча изилдөөчү бөлүмү.

Жылдыздардын айрым кыймылын, б. а. Жердин өз огунда, ошондой эле Күндүн айланасында айлануусу менен байланышкан нутация, прецессия ж. б. кыймылын изилдейт. 20-кылымдын башталышына чейин жылдыздардын калдыктуу ылдамдыгынын бөлүнүшү иретсиз Галактикадагы жылдыздардан экендиги айтылган, кыймыл багытынын бирдей эместиги статикалык изилдөөлөрдөн байкалган. Галактиканын айланышын изилдөө Күндөн тартып алынган аралыкта катуу нерселердин айлануу закону менен Кеплердин законунун ортосундагы мыйзам боюнча болорун көрсөтөт

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.